Биз менен байланышыңыз

Ирландия 12 аптага чейинки абортко уруксат берди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 722 | 0

Ирландия республикасынын парламенти узакка созулган талкуулардан кийин 12 аптага чейинки абортко уруксат берди. Бул тууралуу Би-Би-Си жадзы.

Парламенттеги депутаттардын 66.5%ы абортко уруксатты колдошту. Аталган мыйзам президент Майкл Хиггинс кол койгондон кийин январь айынан тарта күчүнө кирет.

«Бул ирландиялык аялдар үчүн тарыхый окуя. 1980-жылдан бери күрөшүп келгендерге ыраазычылык билдирем»- деди президент.

Католик динин карманган Ирландияда абортко катуу тыюу салынгандыктан кош бойлуулугу кооптуу аялдар өз өмурүнөн ажыраган учурлар көп эле катталчу. Маалыматтарга ылайык 170 миң аял аборт кылдыруу үчүн коңшу Англияга кирип чыгышкан.

Эми жаңы мыйзам боюнча кош бойлуулугу 12 аптага жете электер алдырууга уруксат алганы менен андан чоң мөөнөттөгүлөргө да шарттар жеңилдеп калды.

Эске сала кетсек,  Евробиримдиктин курамындагы өлкөлөрдөн абортко толугу менен тыюу салган бир гана Мальта өлкөсү калды.

Copyright © 2017 Maral FM