Биз менен байланышыңыз

АКШ парламенти Йемендеги согушта Сауд Аравиясына жардам бербөө талабын койду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 812 | 0

Американын парламенти Йемендеги согушта катышып жаткан Сауд Аравиясына жардам берүүнү токтотууну талап кылган резолюция кабыл алды. Бул киши колдуу болгон журналист Жамал Хашокжинин өлүмүнө сауд ханзадасы Мухаммед бин Салмандын түздөн-түз катышын эске алуу менен ишке ашты. Мындан тышкары парламент президент Дональд Трамптан Йемендеги америкалык аскерлерин чыгаруусун талап кылган документти да кабыл алышты.

Аталган документтер сунуштама мүнөзүндө болгон үчүн Трамп аны артка кайтарып коюусу толук мүмкүн. Мындан улам серепчилер документти «парламенттин Трамптын саясатына каршы символикалык гана каршылыгы» катары сыпатташууда.

Эске салсак, Йемендеги согушта Иран колдогон шииттик хуситтер тобуна каршы суниттик бийликке жардам берүү максатында Сауд Аравиясы баштаган төрт мамлекет согушка өз күч түзүмдорүн киргизишкен. Аларга Америка жана башка батыш өлкөлөрү колдоо көрсөтүшүүдө.

Эки тараптуу оор куралдуу кагылыш йемендиктерди ачарчылыкка жана оор гуманитардык кризиске кептеди. Эл аралык коомчулук тараптардан согушту токтотууну талап кылып келишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM