Биз менен байланышыңыз

Сергей Слесарев: Кулматовдун иши ойдон чыгарылганы көрүнүп турат

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 693 | 0

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон иш жасалма. Бул тууралуу Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча сот отурумунда билдирди.

Анын айтымында, сот иши жабык эшик артында өткөрүлгөн. Соттун жүрүшү мыйзам бузуулар менен коштолгон.

“Кулматовдун иши ойдон чыгарлып, жасалма экени көрүнүп турат. Тергөө маалында соттук териштирүүлөр мыйзам бузуулар менен өтүп жатты. Бул иш боюнча атайын экспертизалар дайындалган. Кийин анын камактагы мөөнөтүн узартуу жана Кулматовдун өзүнө байланышкан эки ишти карап, жыйынтыгында бириктирип коюшту”,-деди Слесарев.

Буга чейин маалым болгондой, Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго борбор калаада мектеп курууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлукка жол берген деген негизде кылмыш иши козголуп, “коррупция” боюнча айып тагылган. Азыркы тапта Кулматов УКМКнын тергөө абагында жатат.

Copyright © 2017 Maral FM