Биз менен байланышыңыз

Калиева: Кылмыштардын бирдиктүү реестри түзүлдү

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 726 | 0

Кыргызстанда жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестри түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева маалымдады.

Ал белгилегендей, санариптик трансформациянын алкагында баардык иштер бир порталга бириктирилди.

«Бул тонналаган кагаз документтерди азайтып, ишти ыкчам алып барууга шарттайт»,-деди төрайым.

Ошондой эле сот залындагы процесстерди тартуу үчүн видео камералар орнотулган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 14-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда өлкөнү санариптик трансформациялоо маселеси каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM