Биз менен байланышыңыз

Страсбургда элге кол салган террорист жок кылынды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 644 | 0

Франциянын Страсбург шаарында жарманкеде чогулган элге куралдуу кол салууну уюштуруп, өзү качып кеткен кылмышкер кармалды. Муну Франциянын Ички иштер министри Кристоф Кастанер тастыктады.

29 жаштагы Шерифф Шекатт жолдогу бир таксистке Сириядагы курман болгон бир туугандарынын өчүн алганын айтып берген. Ошол эле аймакта көчөдө бир аялга жардам сурап кайрылганда ал кылмышкердин жараланганын байкап, шектүүгө окшош экенин коопсуздук кызматына билдирген. Атайын кызмат ыкчам аракетке өтүп, кылмышкерди жолдо бараткан жеринен кармоого аракет кылганда ал кайрадан ок чыгарып каршылык көрсөткөн. Натыйжада полистин огунан өзү да мерт кетти.

Эске салсак, 11-декабрь күнү Страсбургдун борборунда куралдуу кылмышкер жарманкеге топтолгон элге ок чыгарып, 3 киши набыт болсо, он эки киши оор жаракат алган. Кылмышкер окуя болгон жерден изин суутуп, качып кеткен. Аны издөөгө 700дөн ашуун полис кызматкери тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM