Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Тереза Мэйдин суранычын кароодон баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 494 | 0

Евробиримдик Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин Брексит боюнча келишимге өзгөртүү киргизүү сунушун кайра карабайт. Мындай чечимге биримдиктин мүчө өлкөлөрүнүн лидерлери 13-декабрдагы саммитте келишти. Саммит алгач Мэйдин катышуусунда, экинчи бөлүгү аны кошпостон өттү. Жыйынтыгында октябрда макулдашылган келишим күчүндө калып, ага өзгөртүү киргизилбей турган болду.

Андагы келишим боюнча Евробиримдикте калган Ирландия Республикасы менен биримдиктен чыгып жаткан Улуу Британиянын курамындагы Түндүк Ирландиянын ортосундагы чек ара мындан ары орток болуп саналмак. Аны биримдик дагы, Англия дагы көзөмөлгө алып, бирдиктүү эрежелерди иштеп чыгышмак. Түндүк Ирландия ортодо калган үчүн андан Британиянын башка үч бөлүгүнө кирүү-чыгуулар көзөмөлгө алынуусу керектелет.

Кошумчаласак, бул Түндүк Ирландиянын Улуу Британиядан бөлүнүүсү катары да бааланганы үчүн Англия парламенти аталган келишимге караманча каршы турууда. Ошондуктан бул аптанын башында парламентке добушка коюуну артка жылдырып, премьер-министр Мэй биримдик менен кайра сүйлөшүүгө кеткен болчу. Эми ал жактын да каршы жообун алды. Эгер парламент Брекситти өткөрбөй турган болсо, жагдай башка нукка өзгөрүп, Англия жаңы жолдорду кароосу ыктымал.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM