Биз менен байланышыңыз

Ош базарын көчүрүү үчүн 100 гектар жер керек

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2018 | 846 | 0

Ош базарынын тегерегиндеги унаалардын 80 пайызга жакыны соодагерлердики. Бул маселе иштелип чыгарын Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тагаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, унаа токтоочу жайларды пайдалануу акылуу болот. Ошондо баары ирээтке келет. Бул жаатта жаңы жылдан кийин тийиштүү кызматтар иштей баштайт.

Тагаев буга кошумча, Ош базары шаардын ичине батпай калганын белгилейт.

Эгер жер, социалдык-экономикалык маселелер чечилсе, аталган базар көчүрүлөт. Ал үчүн 100 гектар жер керек.

«Базарда 4 жолу өрт чыкты. Алсак, «Берекет» соода борборундагы өрттөн 300 соодагер жабыркаган. Аларга 10 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүп, соода үчүн жер бергенбиз. «Берекеттин» ордуна жаңы соода борбор курулууда. Өрттөн жабыркаган соодагерлер курулуп жаткан соода борборуна кирип ишин баштамайынча, жерлер башка адамдарга берилбейт. Аны мен өзүм көзөмөлдүккө алам. «Берекеттин» ээси айткандай, буга чейин келишими бар соодагерлерге жер бекер берилет. Алар ижарасын төлөп турушат. Биз дагы сүйлөшөбүз»,-дейт Тагаев.

Маалыматка ылайык, Ош базарында 5-7 миңдей соодагер мыйзамдуу түрдө соода кылат. Алардан жылына 50 млн сомдой салык түшөт. Ал эми мыйзамсыз иш алып барган соодагерлерге Салык кызматы, ИИМдин кызматкерлери менен бирге рейд жүргүзүлүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM