Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев ооруканага которулду

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 505 | 0

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу ал жетектеген партиядан билдиришти.

Ага ылайык, Текебаевге стенокардия, аритмия, гипертония ооруларынын диагнозу коюлуп, Улуттук кардиология борборуна которулду.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаевге «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM