Биз менен байланышыңыз

Строкова: Окуу китептериндеги каталар үчүн министр өзү жооп берсин

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 614 | 0

Мектептердеги окуу китептеринде кетирилген одоно каталар үчүн министрдин жеке өзү жооп бериши керек. Мындай пикирин эл өкүлү Евгения Строкова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

“Депутаттардын дарегине окуучулардын ата-энелеринен көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Алар окуу китептеринде кетирилип жаткан орой катарларды диверсия катары баалашууда. Окуу китептери Билим берүү, илим министрлиги тарабынан расмий түрдө сунушталгандыктан, ар кимдерге шылтай бербей, каталар үчүн министрлик менен министрдин жеке өзү жооп бериши керек. Министр болсо, аны авторлорго, басмаканаларга, Билим берүү академиясына шылтап келет. Алар ал мекеме өзүнө караштуу экенин билбей калышса керек, же билгиси келбейт”,-деди Строкова.

Эске сала кетсек, буга чейин 5-6-класстын окуучулары үчүн сунушталган “Мекен таануу”, “География” сыяктуу окуу китептеринде одоно ката китеп коомчулуктун сынына кабылган эле.

Copyright © 2017 Maral FM