Биз менен байланышыңыз

Султанов: АКСтин башчысы жердешчиликке карабайт экен

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Дек 2018 | 803 | 0

Акыркы камоолордон улам УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын (АКС) башчысы Сагынбек Исмаилов жердешчиликке карабайт экен деген ой жаралды. Анткени Исмаиловдун жакын жердештери кармалды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Марат Султанов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда өлкөдө «тууганчылык», «жердешчилик» деген түшүнүк бар болчу.

«АКС экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакындарын кармап жатат деген сөздөр айтылууда. Бирок алардын күнөөсүн бир гана сот аныктайт», — дейт Султанов.

Ал 1995-жылдан бери декларация тапшырып келе жатканын, бул багытка чоң маани берерин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик жумуштан кетип эл аралык компанияларда иштегендерден декларация сураларын айтып, аталган документтин пайдасы чоң экенин кошумчалады.

Султановдун айтканына караганда, 2011-жылдан тарта жаңы терракттар пайда болгон соң өлкөдө банк сыры деген түшүнүк кескин өзгөргөн.

«Чет өлкөдө көптөгөн банктар эсеп ачпай да коюшат. Азыр банк сырына караганда терроризм, коррупция менен күрөшүү биринчи орунга чыга баштады. Аны банктар түшүнүп маалыматтарды ачык чыгара баштады», — дейт Султанов.

Белгилей кетсек, 11-декабрда УКМК мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени сөз болгон акча тууралуу видео тасманы тараткан. Анда банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы көрсөтүлгөн.

Ал эми 12-декабрда “Оптима Банк” Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео кардардын өзүнө гана берилгенин, тасманын интернетте тарап кеткенине тиешеси жок экенин билдирген. Банк бардык мыйзамдар так аткарылганын белгилеп, кардарлардын кызыкчылыктары так сакталганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM