Биз менен байланышыңыз

Латвияда Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата кылмыш-иши козголду

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 758 | 0

Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата “акчанын изин жашыруу” фактысы боюнча кылмыш-иши козголду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети бүгүн таранткан билдирүүдө айтылат. Бул кылмыш-иши Латвия Каржылык чалгандоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон.

«Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин, аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон. Буга байланыштуу, Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросу Зилалиев жана анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган«, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу) боюнча кылмыш-иши козголуп, тергөө иштери УКМК Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Азыркы убакта аталган кылмыш-ишти тергөө иштери аяктап, сотко жиберилген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалууда. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо. Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, “мыйзамсыз түрдө камалганын” айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM