Биз менен байланышыңыз

УКМКнын убактылуу кармоо жайында орун калган жок

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 607 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) убактылуу кармоо жайында орун калган жок. Мындай маалыматты Ленин райондук сотунда өтүп жаткан Бишкектин экс-мэрлери Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча процесстин жүрүшүндө УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Сагынбек Исмаилов билдирди.

Соттук отурумга төрагалык кылуучу судья Кубанычбек Касымбеков буга байланышкан катты окуду. Катта коррупция боюнча айыпталгандардын бир бөлүгүн Бишкек шаардык тергөө абагына которуу суранычы жазылган.

Ал эми айыпталуучулардын жактоочулары: «Бул кардарларыбызга карата басым», — деп сыпатташып, муну менен бири-бирине каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашат деген тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов баш болгон 14 адам «коррупция» беренеси боюнча айыпталышууда.

Тергөө аларды курулуш иштерин жана материалдарды 12 миллион 160 миң 641 сом жогорулатылган баа менен көрсөткөн деген, ал эми Албек Ибраимовго дагы кошумча «Дастан» ишканасынын каражаттарын максатсыз пайдаланган жана муниципалдык жерлерди берүүдө коррупцияга жол берген деген кине тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM