Биз менен байланышыңыз

Ошто жарандын үйүнөн ок атуучу курал табылды

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 536 | 0

Ош облусунун тургунун үйүнөн «АКС» маркасындагы ок атуучу курал табылды. Бул туралуу Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 3-апрелде бажы кызматынын үйрөтүлгөн иттери менен келип, Ош облусунда жайгашкан Кыргызстандын жараны М. Р. А.нын үйүнө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Тинтүү иштеринин жыйынтыгында Кыргызстандын жараны М.Р.Анын үйүнөн «АКС» маркасындагы ок атуучу курал табылган.

Бул факт боюнча шектүү жаран кармалып, Ош облустук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM