Биз менен байланышыңыз

Карасартова: УКМК — монстр. Бул орган коррупция менен күрөшө албайт

Пикирлер | 12 Дек 2018 | 1335 | 0

Эң жабык орган — УКМКнын коррупция менен күрөшкөнү туура эмес. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү жагынан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жолун улантууда. Мындай пикирин укук коргоочу Рита Карасартова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, УКМК — монстр. Бул орган коррупция менен күрөшө албайт. Паракорчулук менен декларацияларды кабыл алган Салык кызматы күрөшүшү керек. Бирок учурда аталган кызматтын декларациядагы маалыматтарды текшерүүгө, анализ жүргүзүүгө укугу жок.

«Коррупция менен күрөшүп жаткан УКМКнын кызматкерлеринин декларациялары текшерилбейт. Эртең буларды текшерчү болсок Дүйшөнбек Зилалиевдин акчасынан да көп байлык чыгат. Себеби УКМКнын кызматкерлери коррупция менен күрөшүүнүн арты менен байып жатат. Декларация Зилалиевдин тегерегиндеги гана маселе эмес. Бажы тармагында иштегендерди текшерүүгө алса дагы көп нерсе чыгат», — дейт Карасартова.

Карасартованын пикиринде АКС менен тергөө кызматын УКМКнын карамагынан чыгарыш керек. Президент Сооронбай Жээнбеков байлык топтогондун ордуна тарыхта Кыргызстанды башка жагынан таанытууга аракет кылышы зарыл.

«УКМК коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке каражат ким тарабынан түшкөнүн айтпай жатат. Бул дагы коррупциянын бир элементи. Мурдагы президент Аскар Акаевдин мүлкү кийинки өлкө башчы Курманбек Бакиевдин жакындарына өттү. Ал байлык кийин экс-президент А. Атамбаевге өттү. Мисалы, Бишкетин экс-мэри Нариман Түлеевдин мүлкү тартылып алынды. Анын баары мамлектке түштүбү?» — дейт укук коргоочу.

Карасартова, Сингапурдун лидери Ли Куан Ю коррупция менен күрөштө жакын досун камаганын айтып, президент Сооронбай Жээнбековдо мындай аракеттер байкалбаганын белгиледи.

«Президент УКМКнын реформасын жасашы керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Өлкө башчы өзүнүн тарапташтарынан дагы камасын. Досторунан камаганын көргөн жокпуз. Салык төлөнбөгөн байлыкты тартып алуу зарыл», — дейт Карасартова.

Copyright © 2017 Maral FM