Биз менен байланышыңыз

Кытай-Орусия соода көлөмү 100 миллиард долларга чукулдады

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 722 | 0

Кытай менен Орусиянын товар алмашуусунун көлөмү 97.2 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Кытайдын Бажы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Орусиядан Кытайга экспорттолгон товардын көлөмү 43.5 млрд болсо, Кытайдан Орусияга импорттолгон товардын өлчөмү 53.7 млдр АКШ долларына жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 25%га өстү дегенди билдирет. Адистердин айтымында, мындай жогорку темпте өсүүнүн башкы себептеринен болуп эки өлкөнүн тең АКШ жана Евробиримдик тарабынан санкцияланып, соода тармагында бири-бирине муктаж болуусу саналат.

Эске салсак ушул жылдын сентябрь айында эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда Владимир Путин Кытай менен соодада рекорддук 100 млрд долларга жетүү ниетин билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM