Биз менен байланышыңыз

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жасалган айрым иштер

Айылдан сүйлөйбүз | 11 Дек 2018 | 13946 | 0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында региондордо Аймактарды өнүктүрүү жылына карата аткарылган иштер тууралуу сөз кылдык. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Улан Эсенгул уулу:

— Аймактарды өнүктүрүү жылына карата тиешелүү тапшырмалар берилген. Анын алкагында ишканаларды ачуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-аракеттер жүрдү. Жылды жакшы жыйынтыктап жатабыз. Айта кетсек, Балыкчы шаарында “Кумтөрдүн” оор техникаларын оңдоп-түзөөчү чоң ишкана ачылды. Жалпы суммасы 40 сомду түзөт. Ал жерде 40тай жумушчу орун түзүлдү. Ал эми Ак-Суу районунда картошканы кайра иштетип крахмал чыгаруучу ишкана, бала бакча ачылды. Ушул сыяктуу иштер ар бир райондо жүрүп жатат. Мектептер курулууда. Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу аркылуу республикалык бюджеттен бир топ, тагараагы 5 мектеп ачылды. Мисалы, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 350 орундуу мектеп курулду.

Ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор даярдалып, иштер жүрүп жатат. Учурда Түп-Кеген жолун реабилитациялоо боюнча 55 млн доллардык ири долбоор келүүдө. Бул эң чоң алгылыктуу иш деп айтсак болот. Аталган долбоорду 2023-жылга чейин ишке киргизүү пландалууда.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев:

— Социалдык мекемелер үчүн былтыр 5,5 млрд акча берилсе, 2018-жылы 2,9 млрд сом бөлүндү. Бүгүнкү күндө биз Кыргызстан боюнча 463 объекти салып жатабыз. Өткөн жылы 99 объектинин курулушун бүтүрсөк, быйыл 150 объектини бүтүрүп жатабыз. Мурдагы жылдарда курулушу башталып бүтпөй жаткан мекемелерди кармап отурбай, даярдыгы көптөрдү бүтүрүү планын койгонбуз. Мындай объектилерден жыл башында 78 объекти бар эле. Ушул жылдын соңуна чейин 150 объектини толугу менен бүтүрүп тапшырабыз. Кийинки жылы объектинин курулушунун 30-50% бүтүп калгандарын карайбыз. Акырындык менен 460 объектинин барын бүтүрүшүбүз керек. Ал үчүн 12,5 млрд сом каражат кетет. Бирок биздин мекемеге жыл сайын 3-4 млрд сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнүүдө.

Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев:

— Таза суу маселесин жөнгө салууда бир топ иштер жүрүп жатат. Республикалык бюджеттин эсебинен 250 млн сом бөлүнүп, ага 25 айыл таза суу менен камсыз кылынды. 18 ири айылда таза суу көйгөйү чечилет. Баары болуп быйыл 45 айылга таза суу киргизүү планыбыз болчу. Бул жыл соңуна чейин жыйынтыкталат. Бул саясат токтоп калбайт, кийинки жылы да улантылат. Ислам өнүктүрүү банкы бөлгөн 60 млн доллар Баткен жана Талас облустарынын 91 айылын таза суу менен камсыздоого жумшалат. Учурда мамлекеттик ички процедураларды бүтүрүп жатабыз. Кийинки жылдын февраль айынын тарта долбоорлордун сметасы башталат. Андан сырткары Нарын облусундагы 42 айылга 25,7 млн доллар каражатка таза суу жеткирилет. 2019-жылга биздин департаментке республикалык бюджеттен 350 млн сом бөлүнүп жатат. Бул жакшы колдоо болуп жатат. Кийинки жылы бардык облустарда ири долбоорлор башталат. Жарандар кайсы айылдарда иштер жүрөрүн биздин сайттан тактай алышат. Бүгүнкү күндө бизде 448 млн доллардын эсеби бар. Анын ичинен 180 млн сом тартылып, иштер жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM