Биз менен байланышыңыз

XX кылымдын эң популярдуу ыры аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 781 | 0

XXкылымдын ырларынын ичинен интернет аркылуу эң көп угулганы  деп британиялык Queen тобунун Bohemian Rhapsody ыры табылды.

Бул тууралуу америкалык Universal Music Group компаниясы өзүнүн Твиттер баракчасынан жарыялады.

Bohemian Rhapsody интернет колдонуучулар тарабынан 1.5 миллиарддан ашык ирет угулган.

Бул ыр Queen  тобунун төртүнчү альбомуна кирген. Аны вокалист Фредди Меркьюри 1975-жылы жазган.

Ошондой эле бул ыр рок жанрындагы биринчи музыкалык видео деп эсептелип, дүйнөнүн эң популярдуу 500 ырынын катарына кирет.

Copyright © 2017 Maral FM