Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев адашканы үчүн элден кечирим сурады. Ал “Апрель” телеканалына берген маегинде кадр жагынан, дос жагынан көп адашарын айтты. Айрым шайлоочулар азыркы президенттин айынан даттанып Атамбаевге барганын да айтты.
-Биз сиздин көрсөткөн талапкериңизди колдогон элек. Бул жагы кандай болуп калды?-деп келгендер да бар. Бул үчүн элден кечирим сурайм. Буюрса, бул нерсени мезгил өз ордуна коёт.
Кошумчалай кетсек, Алмазбек Атамбаев буга чейин президент Сооронбай Жээнбековду “Бакиевдин жолу менен баратат” деп сынга алган болчу.
Куба
11.12.2018 04:44
Президент базар жок иштеп жатат,туура коррупциянерлерди камаш керекда элдин астында айтпады беле.