Биз менен байланышыңыз

Камакка алынган Жусубалиевдин дүйнө кезгендеги сүрөттөрү

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 1023 | 0

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК кабарлаган. Анын реюмеси менен таанышкан болсоңуз, 1988-жылдан бери мамлекеттик кызматтын жол тармагында иштеп келгенин биле аласыз. Биз министрдин камакта отурган орун басарынын социалдык тармакка өзү жарыялаган дүйнөнүн ар кайсы жагынан тартылган сүрөттөрүн сунуштамакчыбыз.

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун жыйыны. 23-ноябрь. Париж

2016-жылы жүктөлгөн сүрөт. Кайсы жер экени жазылган эмес.

2012-жыл.

Таллин шаары. Эстония

2014-жыл. Альянц-Арена стадиону. Мюнхен шаары. Германия

Швабия облусу, Германия

 

Мамлекеттик кызматкердин эмгек жолу төмөнкүдөй:

— 1988-1991 — Кыргыз ССРинин Транспорт жана шосселик жолдор министрлигинин Кызыл-Кыядагы жүк автобазасынын бөлүм башчысы;

— 1991-1991 — Кызыл-Кыя шаардык аткаруу комитетинин уюштуруу топ бѳлүмүнүн инспектору;

— 1991-2003 — КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аскердик автоколоннасында башкы инженер;

— 2003-2004 — КРдин Жаратылыш жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин техникалык-ѳндүрүштүк башкармалыгынын  жетектѳѳчү адиси;

— 2004-2006 — КРдин экономиканы ѳнүктүрүү, ѳндүрүш жана соода министрлигинин Ош шаардык бѳлүмүнүн башчысынын орун басары;

— 2006-2006 — КРдин каржы, экономика министрлигинин Ош шаардык бѳлүмүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы;

— 2006-2008 — Ош шаардык мэриясынын Каржы жана экономика бѳлүмүнүн  башчысы;

— 2008-2009 — КРдин өкмѳт аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык мониторинг бѳлүмүнүн инспектору;

— 2010-2012 — КР президентинин администрациясында бир нече кызматтарды аркалаган;

— 2012-2016 — КР өкмѳтүнүн аппаратынын мамлекеттик  башкаруу жана кадр кызматы  бѳлүм башчысы;

— 2016-жылдан ушул тапка чейин Транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары.

Кошумчалай кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы айтылат. Буга чейин 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

Copyright © 2017 Maral FM