Биз менен байланышыңыз

Финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги сунушталды

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 682 | 0

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде Жээнбаеванын Финансы министри кызматына талапкерлиги каралат.

Бактыгүл Жээнбаева учурда президенттин кеңешчиси болуп иштейт.

Эске салсак, 6-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Финансы министри болуп 3 жыл эмгектенген Адылбек Касымалиев отставкага кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM