Connect with us

Президент 2020-жылдагы бюджеттик саясаттын негизги багыттары менен таанышты

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 532 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева маалымдагандай, 2019-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43 296,3 млн сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 624,4 млн сомго көп болгон.

Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62 632,8 млн сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 млн сомго өскөн.

2019-жылдагы расмий которуулардын көлөмү 13 275,4 млн сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 4 059,3 млн сомго көбөйгөн.

Министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163 710,4 млн сом деп пландалып жатканын билдирди.

Президент мамлекет тарабынан социалдык милдеттерди так аткаруу, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн натыйжалуулугун катуу көзөмөлгө алуу зарылчылыгын белгилеп, өлкөнүн бюджеттик саясатынын негизги багыттары конкреттүү жыйынтыктарга багытталышы керектигине токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM