Биз менен байланышыңыз

Бюджет – 2020: Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 11 млрд 948 млн сомго көбөйөт

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 1116 | 0

2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 24,5 пайызына каралат. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеңештеги бүгүнкү талкууда айтты. Ал кошумчалагандай, 2019-жылдын бекитилген бюджетине карата кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 11 млрд 948 млн сомго көбөйөт.

2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деңгээлинде белгиленген (ички дүң өнүмдүн 26 пайызы). Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 млрд 750 млн сомго көп.

Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 млрд 953 млн сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 3 млрд 106 млн сом өлчөмүндө оң сальдо жана тышкы булактар боюнча 6 млрд 847 млн сом өлчөмүндө оң сальдо.

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралууда. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM