Биз менен байланышыңыз

КамАз аңтарылып, үч киши набыт болду

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 575 | 0

Ош-Баткен-Исфана автожолунун 337-километринде  КамАз жүк ташуучу унаасы жолдон чыгып кетип,  аңтарылып калган. Ичиндеги 1979-жылы төрөлгөн Х.Н., 1985-жылкы К.М. жана 1993-жылы туулган М.А. деген жарандар жеринде каза болушкан.

Окуя болгон жерге келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү сөөктөрдү унаанын алдынан алып чыгып, Тез жардам кызматына тапшырышкан.

Кырсыктын себеби изилденүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM