Биз менен байланышыңыз

Жунус уулу: Өкмөт чет элдик компаниялардан пара алуудан коркпойт

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2018 | 797 | 0

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин пара алып кармалышы боюнча Транспорт министринин да, өкмөттүн да жоопкерчилигин караш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт чет элдик компаниялардан пара алгандан коркпойт. Мындай ишканалар пара берген соң ошол акчасын  10-100 эселеп чыгарып алат.

«Өткөн аптадагы окуя министрди эле эмес башкаларды да нес кылды. Жусубалиевдин ушундай ишке барганы таң калыштуу. Түндүк-түштүк альтернативалык жолу боюнча комиссия түзүп, маалыматтарды Башкы прокуратурага бергенбиз. Эми алардын жыйынтыгын карап жатабыз. Жусубалиевдин кармалышы менен жаңы ачылган жагдайлар сыяктуу болуп, шаршемби күнү парламентте бул маселе сөзсүз түрдө каралат. Тыштан келген карыздар көбөйгөн кезде акчанын теңинен көбү жол курууга жумшалган. Мындан улам өкмөт башчы Жогорку Кеңешке келип жалпы коомчулукка маалымат бериши керек»,-дейт Жунус уулу.

Анын пикиринде, Жусубалиев параны өзү жалгыз алган эмес. Ал артында колдоочусу болбогон, өзү мындай кадамга бара албайт эле.

«Өкүнүчтүүсү, Жусубалиев өзү жалгыз чечпейт. Муну министри, комиссиясы кошо чечет. Өзү жалгыз алды деген нерсеге ким ишенет? Соттун чечимин аягына чейин күтүш керек. Транспорт минисрлигинин ичин толугу менен люстрация кылып, мекемедеги системаны өзгөртүү зарыл»,-дейт эл өкүлү.

Эске салсак, 5-декабрь күнү Жусубалиев 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал жолдорду куруу жана оңдоо боюнча өтүп жаткан тендерди чет элдик компаниянын пайдасына чечип берүү үчүн пара алган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM