Биз менен байланышыңыз

Депутат: Жусубалиев боюнча өкмөттүн жоопкерчилигин кароо керек

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2018 | 759 | 0

Транспорт жана жолдор министринин пара менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиев Сапар Исаковдун өкмтөтүндө кызматка келсе да азыркы өкмөттүн жоопкерчилигин кароо зарыл. Анткени Жусубалиев учурдагы өкмөттүн курамында иштеп жаткан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда тендер боюнча күмөндүү ой жаралгандыктан, депутаттык комиссия түзүлүп, өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Ал эми азыр министрдин орун басары пара менен кармалып жатат. Андыктан азыркы өкмөттүн жоопкерчилиги сөзсүз түрдө каралышы керек.

Алтынбек Жунус уулу жолдор кымбат курулуп, жол салууда жарыяланган тендерлер узакка созулуп жатканын белгилейт.

«Бишкек-Кара-Балта жолу боюнча да да тендер узакка созулган. Жол салганда эмне мынча кымбат болгонун сурасак, «көпүрө, рельефти караш керек» деген жооп болот. Мунайдын баасы түшкөнү менен жолдор кымбатка курулууда. Өкмөт жолдордун баасына кызыгып, «наркты арзандаткыла» десе, түндүк-түштүк альтернативдик жолунан дагы бирди салмакпыз. Талас-Тараз-Суусамыр жолун курган компания долбоор менен бекиген жерде шагыл төгүлбөгөн жер үчүн өкмөттөн миллиондогон каражат алып алган. Көп тендердин башында Азимкан Жусубалиев турган»,-дейт эл өкүлү.

Анын пикиринде, Жусубалиевдин тергөө иштери да, соту да ачык өтүшү керек. Анткени коомчулук билип калган.

«Алган 12о миң долларды кимдер менен бөлүшкөнүн эл өкүлдөрү да күтүп жатат. Комиссия түзүп иш алып барышыбыз керек. Мурдагы министр Замирбек Айдаров өзү баш болуп «Чайна Роуд» компаниясынын «Лексус 570″ унаасын айдап жаткан соң сөзсүз түрдө башка кызыкчылык болушу мүмкүн. Бул бизге көрүнгөн гана жагдайлар»,-дейт Жунус уулу.

Эл өкүлү кошумчалагандай, Дүйнөлүк банк менен пайыздык акчалар боюнча келишим бир топ убакытта сүйлөшүлөт. Мындан улам Жусубалиевдин окуясынан кийин жалпы жол салууну токтотуп коюу туура эмес.

Тендер — эң арзан баа сунуштаган компанияны тандап алуу эмес. Ишкананын тажрыйбасына, техникасына маани берүү зарыл. Жергиликтүү компаниялар жол салуу боюнча жарыяланган тендерге катыша ала тургандай кылып, тендердин суроо-талабын өзгөртүш керектигин да эске салды.

Эскерте кетсек, 5-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы айтылат. Буга чейин 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM