Биз менен байланышыңыз

Тима Мукашев: «Бегимай Карыбековага бир дагы сом берген эмесмин»

Мукам үндүү эстрада ырчысы Тима Мукашев «Мисс Кыргызстан 2017» сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыпбекова менен көптөн бери жакшы тааныштардан экенин белгилеп, клип үчүн ага гонорар төлөгөн эместигин баса белгиледи.

«Мисс Кыргызстан 2017 сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыпбекова менин аткаруумдагы «издейм сени» деген ырымдын клибине башкы каармандын ролун аткарып берген. Ал клиптин идеясы менин жашоомдон алынган мага да тиешеси бар. Өзүм түзгөнмүн. Бегимай ал клип үчүн бир дагы сом алган эмес, бир дагы гонорар төлөп берген эмесмин. Анткени ал мисс болгонго чейин дагы тааныш болчубуз. Ошондон улам мени колдоп бекер ойноп берген, терең ыраазычылыгымды билдирем»- дейт ырчы мырза Тима Мукашев

Copyright © 2017 Maral FM