Биз менен байланышыңыз

Той жөнүндө ой

Блог | 8 Дек 2018 | 1751 | 1

Той – кыргыздын жашоосу. Азыркы кыргыздын жашоосуна боёк берип турган бирден бир маданий чөйрө – ТОЙ. Кыргыз жакшы көйнөгүн тойго киет. Кыргыз башын той күнү таза жууйт. Кыргыз көӊүлүн тойдо ачат. Жакшы көргөн ырын тойдо угат. Өзү да тойдо ырдайт. Кыргыз тууганына тойдо жолугат. Кыргыз жакшы сөздү тойдо гана айтат. Кыргыз белегин да тойдо берет. Кыргыз тойдон гана сүрөткө түшөт. Эскичилик деп жээрип бараткан каада-салттарыбыз да тойдо эске түшөт. Бул – кыргыздын жашоосу. Бул азыркы кыргыздын маалымат алмашуу булагы, бири-бирин көрүп, салыштырып өнүгө турган жери. Адам менен адам болуп бир үстөлгө олтура алган, жылмайып, кол чаап коштой алган жалгыз чөйрөсү. Көр тилдиктен, турмуш кыйынчылыгынан алаксыткан тарабы.

— Алыбек алына жараша, — деп коёт кыргыздар. Ооба, эгер биз өнүккөн өлкөлөр сыяктуу маданияттын туу чокусунда турсак, каалаган учурда кино-театрларга барып, кааласак эс алып саякатка чыгып, кааласак кооз жерлерден сүрөткө түшүп, кааласак ичип, кааласак жеп, кааласак басып, кааласак туруп жүрмөкпүз. Бирок биз азыр чөнтөгү жука элбиз. Көп кыргыз баргысы келгенине бара албайт, көргүсү келгенин көрө албайт. Анын бир гана кызыктуу жери – ТОЙ.

Албетте, кыйналып той берип жатышат… Карызга акча алып той берип жатышат… Тойдо кечке олтуруп убакыт кетирип жатышат… Бул сөздү айткандарга тек гана КИМ СИЗДИН МОЮНУⱧУЗГА КЫЛЫЧ КАРМАДЫ? Мүмкүн ошол киши менен жеке сүйлөшүү керектир. Албетте, куру намыс менен чыныгы намыс маселесин билген «Алыбек» алына карайт болуш керек. Негизинде алын билген кыргыздар көп жана алардын көбү сүйүнгөндө той берет.

Тойдон башка токтотуучу иш көп. Кызыгы, той соӊку кездер улам-улам форматын өзгөртүп, заманга, замандагы адамдарга ылайыкташып келе жатат. Муну эске алыш керек. Мүмкүн акылдуулар, тойду кыска-нуска, пайдалуу МЫКТЫ өткөрүүнүн жолун айтабыз. Тойду токтотуу кыргыз жашоосун токтотуу менен барабар менин жаман оюмда.

Дербиш акын Юнус Эмре, «Адамдарды көрдүм үстүндө кийими жок, кийимдерди көрдүм ичинде адамы жок»,- деп айтат. Маселен, мени той эмес, тойдогу ичинде адамы жок кооз көйнөктөр ойго салат. МҮМКҮН КЫМБАТ КӨЙНӨКТҮН ИЧИНДЕ СӨЗСҮЗ «КЫМБАТ АДАМ, КЫМБАТ КЫРГЫЗ» БОЛСУН, деген ураан менен чыксаӊыз мен муну биринчилерден болуп колдомокмун.

Биз азыр кыргыз тойлорун эмес, кыргыз адамын өзгөртүүбүз зарыл сыяктуу. «Адам өзгөрсө аалам өзгөрөт»,- деген сөзгө таянсак, той эмне болуп калыптыр ЖУРТ ЖАКШЫЛАРЫНА…

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM