Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Мектептерде англис тили, информатика сабактарынын сааты көбөйөт

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 775 | 0

Орто мектептерде англис тили буга чейин жумасына 2 саат болуп келген болсо, эми 5 саатка көбөйтүлөрү күтүлүүдө. Мындай өзгөрүү информатика сабагына да тиешелүү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад шаарына болгон иш-сапарында билдирди.

Сапардын жүрүшүндө эки мектептин абалы менен таанышты.

Жалал-Абад шаарындагы «Бабкин» атындагы №1-орто мектеп 1927-жылы курулган. Мекеме 600 окуучулук орунга эсептелген, бирок азыркы тапта мектепте эки миңден ашуун окуучу үч сменде билим алууда.

Эскилиги жеткен мектеп имаратын жаңыдан куруу мүмкүндүгүн кароо тапшырмасын тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM