Биз менен байланышыңыз

АКШнын палестиналык ХАМАС тобун айыптаган чечимин БУУ өткөрбөй койду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 650 | 0

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында АКШнын элчиси Никки Хейли сунуштаган резолюция кабыл алынган жок. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Резолюцияда Вашингтон Палестинанын Газа тилкесинде аскердик ишмердигин жүргүзгөн ХАМАС тобун Израилдин жай тургундарына куралдуу чабуулдарды жасоодо деп айыптаган болчу.

Аталган чечим кабыл алынуусу үчүн мүчөлөрдүн үчтө экисинин макулдугу керек болчу. Бирок добуш берүүгө коюлган резолюцияны колдогондор 87, каршы добуш бергендер 58 жана калыс пикирин билдиргендер 32 өлкө болушту. Ошентип, Никки Хейли алып барган демилге ишке ашпай, буга БУУдагы Израилдин өкүлү өкүндү.

Ушундай эле Израиль күчтөрүнүн Палестинанын жай тургундарына зордук-зомбулук жасап, күч колдонуп жатканы тууралуу резолюция ушул жылдын жайында колдоо таап, өтүп кеткен болчу.

Эске салсак, АКШ Израиль-Палестина кагылышында ар дайым Израилдин таламын талашып келет. Бир жыл мурда президент Трамп талаштуу Иерусалим шаарын Израилдин борбору деп таанып, май айында өз элчилигин Тель Авивден Кудуска жылдырган. Бул кадамы эл аралык коомчулуктун катуу каршылыгына дуушар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM