Биз менен байланышыңыз

Huawei: Технологиядагы Кытай-«Беш көз» тиреши

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 625 | 0

6-декабрда Huawei компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы жана менеджери Мэн Ванчжоунун  Канадада кармалышы технологиядагы лидерлик үчүн күрөшкөн Кытай менен англис тилдүү бештик («Беш көз») АКШ, Англия, Жаңы Зеландия, Канада жана Австралиянын ортосундагы жашыруун тирешти ачыкка чыгарды. Бул тууралуу жаңы технологиялар тармагындагы адистер айтып чыгышты.

Киберкоопсуздук боюнча адис Эмили Тейлордун айтымында бул окуя Кытай менен Батыштын жогорку ылдамтыктагы 5G мобилдик байланышына өтүүдөгү жарышынын чагылышы. Анткени Кытай бийлиги келечектин технологиясын өндүрүүдө биринчи болорун ачык айтса, АКШ Кытайды бул тармактагы идеяларын уурдоого айыптап, жаңы байланыш технологияларын чыгаруудагы гигант компания Huaweiге санкция киргизип, анын өндүргөн товарларына Америкада тыюу салган. Ушундай эле чектөөнү «Беш көздүн» мүчөлөрү Австралия, Жаңы Зеландия киргизген. Ал эми Канада бул тирешке Мэн Ванчжоуну өз аймагында камакка алуу менен аралашты. Англия азырынча чара көрө элек.

Ошондой эле аталган өлкөлөр 5G байланышын биринчилерден болуп колонууга чыгарган Huawei компаниясынын технологияларын тыңчылык үчүн колдонулат деп эсептешет. Анткени фирманын негиздөөчүсү Жэн Чженфей учурунда Кытай куралдуу күчтөрүнүн аскердик инженери болуп кызмат өтөп, армиядагы маалыматтык технологиялар менен алектенчү. Батыштын айтымында ал азыр деле Кытай компартиясынын мүчөсү.

Компания бул аргументтерди четке кагып, анын продукциялары батыш үчун эч кандай коркунуч жаратпасын айтып келет.

Кошумчаласак, Ванкуверде кармалган Мэн Ванчжоуго тагылган айып азырынча ачыктала элек. Аны Канада АКШнын суранычы боюнча кармаган.

Copyright © 2017 Maral FM