Биз менен байланышыңыз

Алимбеков: «Терек-Сай» кени ишке кирип айыл өкмөтү дотациядан чыкты

Пикирлер | 6 Дек 2018 | 840 | 0

Чаткал районунун Терек-Сай айылында кен ишке киргенден бери айыл өкмөтү дотациядан чыккан. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынын директору Алмаз Алимбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Терек-Сай» кенин иштеткен түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы бюджетке 20 млн доллар төлөп берген. Анын 30 пайызы жергиликтүү бюджетке түшкөн. Ошондуктан «Эти Бакырдын» салымы чоң.

Алимбековдун пикиринде, кенди иштетүүгө жергиликтүү инвесторлордун каражаты жетпейт. Инвестор сөзсүз түрдө мамлекетке менен жергиликтүү элге пайда алып келиши зарыл. Азыр ички инвесторлорду күтүп кенди иштетпей коюу туура эмес. Иш токтосо экономика өспөйт.

«Азыр Терек-Сай кенинин ишин биротоло токтотуп койсок анда 300дөн ашуун киши иштебей күтүп турабы? Пенсия, айлык акылар салыктардын эсебинен төлөнүп жатат. Ошол эле учурда экологиялык маселелерди дагы катуу көзөмөл кылуу зарыл. «Эти Бакыр» 15-20 жыл иштейт. Ишкананын завод курууга ниети бар. Биз алтын чайкоодо цианид колдонобуз. Бирок калдыктар ишканада калат. Заводду жаңы технология менен салсак экологияга эч кандай терс таасири болбойт. Атайын лаборатория куруп, жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылалы деп жатабыз», — дейт Алимбеков.

Ал буга кошумча, көп долбоорлор кытайлык компаниялар тарабынан ишке ашырылып жатканы калк арасында тынчсызданууну пайда кылганын белгилейт.

«Бирок инвестордун улутуна каралбайт. Сөзсүз түрдө башкаларга да жол беришибиз керек. Инвесторлор дагы мыйзамга жараша келет. Кытайлык ишканалардын көбү чакан кендерди иштетип жатат. Мындай ишканаларга камбинатка тиешелүү эмес завод куруп берүү талабын дагы коюп жатабыз. Мисалы, эт же сүт камбинатын салып берсе ал жергиликтүү элге калат» — дейт Алимбеков.

Copyright © 2017 Maral FM