Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтын» Терек-Сайдагы кен боюнча үн катты

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 1012 | 0

«Кыргыз Алтын» ачык акционердик коому Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы кендин айланасындагы жагдай тууралуу үн катты.  Ишкананын маалымат катчысы Толкун Камчыбекованын айтымында, “Терек-Сай” кени  Кыргызстандагы эң эскирген  кендердин бири. Анын минералдык-сырьелук базасы түгөнгөнүп, чыгашалуу болгондуктан  көп жолу  ишин токтотууга мажбур болгон. Анткени алтын өндүрүүнүн өздүк наркы базар баасынан үч эсеге чейин өсүп кеткен.

Мындан улам 2015-жылдын ноябрь айында өкмөт тарабынан Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин иштетүү боюнча сынак жарыяланып, «Эти Бакыр Терексай» компаниясы жеңип алган.

Кендин 25 пайыз акциясы «Кыргызалтынга», 75 пайыз акция түркиялык «Эти Бакыр» компаниясынын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлгөн . «Эти Бакыр»  компаниясы кенди иштетүүгө алган лицензиясы үчүн бюджетке 20 млн доллар төлөп берген. Ошондон бери мыйзамдын негизинде салыктарды жана социалдык пакеттерде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин толук аткарып келе жатат.

2017-жылы компания «Терек-Сай» фабрикасын кайра оңдоо үчүн 6,78 миллион доллар, тоо жана геологиялык кен чалгындоо иштери үчүн  — 178,9 млн сом сарптаган.

Бүгүнкү күндө ишканада 350 дөн ашык адам жумуш менен камсыз болгон. Анын 96 пайызын жергиликтүү калк түзөт. Айлык акылары орточо эсеп менен 22,5 миң сом.

Чаткалда эл бүгүн дагы чогулат

 

Copyright © 2017 Maral FM