Чаткалда эл бүгүн дагы чогулат

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары нааразычылык митингине бүгүн, 4-декабрда кайрадан чогулат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Айдайкан Суранова «Марал» радиосуна билдирди. Анын кабарлашынча Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу үч айылдын эли саат 10.00дө нааразычылыгын улантат. Буга 2-декабрда милиция кармап кеткен 15 баланын бошотулбаганы жана Түркиялык «Эти Бакыр Терек-сай» компаниясынын ишин токтотпогону себеп болууда. Эскерте кетсек, Чаткалда акыркы … Читать далее Чаткалда эл бүгүн дагы чогулат