Терек-Сайдагы окуяга тийиштиги бар деп камакта жактан 15 баланы 48 сааттан соң дагы камакта калтыруу чечимин Жалал-Абад облустук сот чыгарды. Ага ылайык, 6 жаран 2 айга, 9 тургун 1 айга убактылуу кармоочу жайда калтырылды.
Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, тергөө иштерин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү улантууда. Терек-Сайдагы кырдаал тууралуу суроолорго“Күн чабыт” программасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жооп берди.
—Инвестор менен элдин ортосунда маселе бир гана Терек-Сайда чыгып жаткан жок. Мындай көрүнүштөр ар бир экинчи кен иштеткен компания менен катталып келет. Маселени чечүүнү сиз эмнеден көрүп турасыз?
—Бардык эле кен байлык иштетүүдө туура эмес саясат болуп жатат. Анткени өкмөт тараптан диалог түзүп берүүгө эч кандай аракеттер жасалбай жатат. Талас, Чаткал, Ала-Бука жана ошол эле Чоң-Алайды караба, өкмөт милдетти жергиликтүү бийликке гана таштап койгону көрүнүп турат. Борбордук бийликтин деңгээлинде диалог жок. Биздин эл дайыма келген компаниялар социалдык пакетти аткарбай, алардын пайдасын көрбөй жатканын айтып нааразы болгону менен аларга түшүндүрүү иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөйт. Жалпысынан айтканда эл, инвестор жана жергиликтүү бийлик маселеңерди өзүңөр чечкиле деген мамиле болуп калды. Ушундан уламбы жергиликтүү элдин кытай, түрк компанияларына өзгөчө кыжырдануусу байкалат. Анткени компания бюджетке канча каражат төгүп, кандай социалдык жардамдарды бере турганы боюнча маалымат жок.
—Бул жагдайда өкмөттүн позициясы кандай болушу керек?
—Өкмөт элге барып, жергиликтүү бийликти сүйлөшкүлө деп жатат. Ошол эле Терек-Сайды алалы, эл менен өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жолугушуу өткөрүп жүрөт. Ал жерге сөзү өтүмдүү, кадыры сиңген адам барышы керек эле да. Экинчиден бул кырдаалда күч колдонуу менен чечебиз деп жатышат. Бул такыр туура эмес саясат. Албетте, бийлик органына, күч органдарына адамдардын кол салуусун туура деп санабайм. Бирок өкмөт элди ушул акыбалга жеткирип жатат. Буга чейин Терек-Сайдын тургундары акча чогултуп, бир катар өкүлдөрүн парламентке, өкмөткө жөнөтүшкөн. Биз дагы алар менен жолугуп, өкмөткө кенди иштетүү саясатын кайра карап чыккыла деп айтып жаттык. Бирок бийликтин минтип кармалгандарды камап, маселени күч колдонуу менен чечебиз дегени жакшы жол эмес.
-Дал ушундай көрүнүштөр инвестицияга жалпы эле Кыргызстандын инвестициялык климатына канчалык таасир этиши мүмкүн?
—Биздин кен байлык чет өлкөлүк компанияларга ит бекер сатылат. Алардын кыргыз экономикасына пайдасы жок болуп турганын эл түшүнүп жатат. Чаткал менен Ала-Букада 157 лицензия инвесторлордун колуна берилген. Бирок элдин турмушунда өзгөрүү жок. Жол, социалдык объектилер оңдолгон эмес. Мындай окуялардан кийин албетте элди дагы инвесторду дагы чочутат. Анан алардын Кыргызстан тууралуу жакшы деле пикири болбойт. Ошону менен инвестициялык климатыбызды бир топ начарлатып алдык.
—Маегиңизге рахмат!