Биз менен байланышыңыз

Терек-Сайдагы тиреш татаалдашты

Коом | 4 Дек 2018 | 1263 | 0

Терек-Сай кенине байланыштуу 3-декабрда башталган тынчтык митинги бүгүн дагы уланып, 200гө жакын элди чогултту.  Негизги талап 2-декабрда милиция кызматкерлеринин 15 баланы кармап кеткени болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Айдайкан Суранова «Маралга» маалымдады.

Плакаттарды кармап турабыз. Бул жерде саясий оюн жок. Биз өз каалообуз менен чыктык. Бизге тынчтык гана керек. Болгону 15 баланы чыгарышсын. Анан кечээ кечинде дагы төрт балабызды эмне үчүн алып кетишти түшүнбөй турам.  Милициянын бул кылыгы элдин кыжырын келтирип жатат. Бизди коргогон эч ким жок. Ошондуктан балдар чыкмайын биз эч жакка кетпейбиз.  

Ар арада өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жетекчиси жана Түркиялык компания эл менен жолугушту. Анда жергиликтүү калкка бир катар убадалар берилгенин Суранова кошумчалайт.

Ал эми 2-декабрда камалган балдар учурда бошотула элек. 48 сааттык мөөнөт бүткөнү менен акыркы чечим чыга электигин жеринен Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек  Ашырбаев маалымдады.

Азыр тергөө иштери толук бүтө элек. Балдар 48 сааттык зонага киргизилген. Ошол мөөнөт бүттү. Азыр санкция чыгышы керек. Бирок азыр бүтө элек. Процесс жүрүп жатат. Мен айыл тургундары менен байланышып жатам. Мыйзам бузуу жок.

15 балага кенди кайтарган атайын багыттагы кызматкерлерди сабады деп айып  тагылууда. Бирок 48 сааттык мөөнөт бүткөн соң дагы алардын бошотулбай жаткандыгынын артында укук бузуу болуп жатканын укук коргоочу Токтайым Уметалиев айтууда. Мындан улам ал тиешелүү органдарга кат жөнөттү.

Терек-Сайда мыйзамсыз иштер абдан көп болуп жатат. Ошол кенди атайын кызматтын балдары кароого алып жатканы мага таң калыштуу. Балдарды бошотуу керек. Тараган тасмада баарын көрүп турабыз. Жөнөкөй тургунду аз жерден өлтүрүп кое жаздашты.  Бул жерде адам укугу бузулууда.

 Саясатчы Адахан Мадумаров бул окуяга байланыштуу элге жана президентке атайын кайрылуу менен чыкты. Ал элди күч менен басууга атайын кызматтардын тартылганы жапайычылык экенин белгилеп, элди толкутуп албоого чакырды.

Күч менен элди көндүрүүгө аракет кылып жаткандары бул-жапайычылык. Мен расмий түрдө  «Өз элиңе күч колдонууну токток!»-деп, президентке, парламентке жана өкмөт башчыга кайрылам. Эл деген сел болот. Эл бир көтөрүлсө, 400 аскериң эмес, төрт миң аскериңдин дагы күчү жетпей калганын, биздин соңку тарых бир нече жолу тастыктап көрсөтүп койду. Эгер сабак албасаңар,сиздерге дагы кеч болуп калат.  

Чаткалдагы бул кенди иштетүү үчүн өкмөт менен Түркиялык «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясынын ортосунда 2015-жылы келишимге кол коюлган. Анын 25 пайыз акциясы  «Кыргызалтынга» тиешелүү болсо, калган 75 пайыз акция инвесторго деп чечилген. Бүгүнкү күнгө чейин компаниянын мамлекетке салган каражат тууралуу «Кыргызалтындын» маалымат катчысы Толкун Камчыбекова айтып берди.

— «Эти Бакыр» компаниясы кенди иштетүүгө алган лицензиясы үчүн бюджетке 20 млн доллар төлөп берген. Ошондон бери мыйзамдын негизинде салыктарды жана социалдык пакеттерде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин толук аткарып келе жатат. 2017-жылы компания «Терек-Сай» фабрикасын кайра оңдоо үчүн 6,78 миллион доллар, тоо жана геологиялык кен чалгындоо иштери үчүн  — 178,9 млн сом сарптаган. Бүгүнкү күндө ишканада 350 дөн ашык адам жумуш менен камсыз болгон. Анын 96 пайызын жергиликтүү калк түзөт. Айлык акылары орточо эсеп менен 22,5 миң сом.

 Эскерте кетсек, Чаткалда акыркы бир айдан бери алтын чыгаруу үчүн келген Түркиялык компанияга нааразычылык токтой элек. Жергиликтүү тургундар компания жайытка элди өткөрбөй жатканын айтууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM