Биз менен байланышыңыз

«Фирм Бэнд»: Ырдап койсок эле жылдыз болуп кеттик

Кезектеги «Желе шоу» программабыздын ардактуу коноктору «ФИРМА БЭНД» тобунун мүчөлөрү Замирбеков Нүзүп, Максатбеков Тимурлан, Балыкчиев Адилет,  жана Келгенбек уулу Бекташ болду. Алар эфир учурунда аспаптарда ойношуп, жандуу ырдашып студияны шаңга бөлөштү. Алар бул топту ушул  жылдын январь айында түзүшүп ошол убактан бери жакшы иштешип келе жатышканын жана радиого биринчи жолу келишкенин да белгилеп өтүштү.

«Биз репетиция үчүн дайыма жер алдында (подземка) ырдачубуз. Ал жер инструменттер үчүн да,  ырдоо үчүн да абдан ыңгайлуу эле. Бир күнү бугубузду чыгаралы деп биригип инструменттерди чыгарып ырдай баштадык. Бир маалда дароо элдер айланабызга чогулуп, видеолорго тартышып акча да сала башташты. Ошондо 600 сөм чогултканбыз. Ошол учурда биздин видеолор интернетке тарап элдер кабыл алышып, ошондон улам интернет аркылуу таанылып калганбыз.»- дейт таланттуу мырзалар.

Белгилей кетсек бул мырзалар бир гана чыгармачылык менен алектенбестен, андан тышкары спорт менен дагы машыгышааарын баса белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM