Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиясы менен Катар кайра достошот

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 747 | 0

Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Катардын эмири Тамим бин Хамадды Перс булуңундагы арап өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын саммитине катышууга расмий түрдө чакырды. Бул тууралуу Al Jazeera жазып чыкты.

Маалыматка ылайык шейх Тамим бин Хамад сауд падышасынан 9-декабрда Эр-Риядда өтө турган саммитке чакыруу катын алган. Бул тууралуу расмий Рияд эч кандай комментарий бере элек.

Эске салсак, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бир жылдан бери начарлап кеткен. Ага Сауд Аравия бийлигинин Катарды террордук топторго колдоо корсөтүүдө деп айыптап, Йемендеги согушка сунниттердин таламын талашып катышып жаткан арап өлкөлөрүнүн коалициясынан чыгарып салганы себеп болгон. Расмий Доха болсо өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, хуситтер менен эч кандай байланышта болбогонун айтууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM