Биз менен байланышыңыз

Америка Жорж Буш менен түбөлүккө коштошот

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 659 | 0

АКШнын 41-президенти Жорж Буш (улуусу) менен коштошуу зыйнаты эртең, 6-декабрда Вашингтон Улуттук Чиркөөсүндө өтөт. Ага Билл Клинтон, Барак Обама баш болгон мурунку башчылар катышары маалым болду.

Буш 1989-1993-жылдар арасында өлкө башчысы болуп иштеген. Ал 30-ноябрь күнү 94 жаш курагында дүйнө салды. Анын сөөгү учурда АКШ капитолийинде жатат. Аны коштошуу аземинен кийин Техастагы өзунүн үйүнүн короосуна жубайы Барбаранын жанына жерге беришет.

Анын уулу, экс-президент Жорж Буш (кичүүсү) коштошуу баянын өзү жасамай болду.

Хьюстон штатынын мэри коштошууга келүүнү каалагандар түстүү байпактарды кийип келүүлөрүн сунуштады. Анткени Буш өмүрү боюнча түрлүү байпактарды коллекциялаган жана аларды ыңгайына жараша бардык жерде кийип жүрчү. Бул анын элесине сый-урматтын белгиси экенин айтты мэр.

6-декабрь күн Америкада «аза күтүү күнү» деп жарыяланып, мамлекеттик мекемелер жана биржалык фонддор иштебейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM