Биз менен байланышыңыз

Дарыгерлердин маянасын көбөйтүүгө 680 млн сом каралды

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Дек 2018 | 867 | 0

2019-жылы тышкы карыздарды тейлөөгө 14,7 млрд сом, ал эми ички карыз үчүн 13,7 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

2019-жылдын бюджетинин планы боюнча карыздардын көлөмү 4,4 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен 3,8 млрд доллар тышкы карыз болсо, ички карыз 602 млн доллар болууда.

«Жыл сайын 50 пайыздан ашык социалдык чыгымдар болот. Тышкы карыздар буга чейин күнүмдүк керектөөлөргө кетсе, эми толугу менен өнүгүүгө жөнөтүшүбүз керек. Чыгашаларды оптимизациялап, кошумча каражаттарды да өнүгүүгө жумшашыбыз зарыл. Салык процедураларын фискалдаштыруу ишке ашса, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Бул боюнча учурда тиешелүү министрликтер, мекемелер иштеп жатат. Мындан сырткары атайын эсепке тиешелүү күч органдарынан каражаттар чогултулууда. Бүгүнкү күндө 500 млн сомдон ашык акча түштү», — дейт Азимов.

Анын айтымында, кийинкы жылы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда иштегендердин айлык акысын көбөйтүүгө 680 млн сом каралды. Кошумча каражат түшсө, дагы башка тармактагы кызматкерлердин маянасын көтөрүү маселеси каралат.

Copyright © 2017 Maral FM