Биз менен байланышыңыз

Гүлүм Касымбаева: «Көк беттигимди жолдошум таштатты»

3-декабрь мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер күнүнө карата Марал радиосу да көз жаздымына калтырбай, маданияттын  мыкты кызматкери Японияда өткөн «япония үнү » эл аралык сынактын гран-принин ээси жеке ырчы Гүлүм Касымбаеваны куттуу студиябызга коноко чакырды. Ага жашоо көп нерсени үйрөткөндүгүн айтып, убагында көк беттигин жолдошу таштаткандыгын да баса белгиледи.

«Негизи чындыгында бойдок кезимде, жаш кезимде абдан көк бет болчумун, бир нерсеге бат таарынып жазылбай көтөрө албай журө берчүмүн. Бирок турмуш деген турмуш экен, ак кара бирге жүргөндүктөн турмушка чыккандан кийин жөн эле болоор болбос нерселерге таарынуу болбойт экен. Анткени бир үй-бүлөнүн урашына бул дагы кичинекей себеп болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан азыр көк бет эмесмин, себеби ал нерсемди жолдошум таштатты. Ал үчүн да жолдошума ыраазычылык билдирем. Азыр абдан кечиримдүүмүн, эч нерсеге таарынбайм. Негизи өзгөчө айымдарга кечиримдүүлүк абдан мыкты сапат, анткени турмуш кургандан кийин кечиримдүү болуп ыкка жараша жумуш кылышыбыз керек экен»-деп кошумчалады ырчы Гүлүм Касымбаева

Copyright © 2017 Maral FM