Биз менен байланышыңыз

Минюра Рахимжанова: «Тогуз жылдык билимиме таянып студия ачтым»

“Закым”, “менин жаным”, “жаз деми” аттуу чыгармалардын аткаруучусу, эстрада ырчысы Минюра Рахимжанова марал радиосунун “Желе шоу”  программасында жаңылыктары менен бөлүштү. Ал жаңы студия ачып жаштарды колдоп жатканын билдирди.

“Өзүмдүн тогуз жылдык билимим болгондуктан ар кимге барып ыр жаздырып  көз каранды болгондун ордуна, өзүм студия ачайын деп чечтим.Чет өлкөдө иштеп жүрүп каражат чогултуп студия ачтым. Биздин студия вокалдан, комуздан сабак алууга мүмкүн. Буюрса азыр дагы алдыга жакшы пландарды коюп, таланттуу адамдарды тарбиялайлы деп иш баштап атабыз. Анткени мен дагы көптөгөн атактуу адамдардан сабак алгам. Убагында мени да колдогон адамдар бар болчу. Алардын арасында Айя Садырова да бар. Менин ырдаганымды көрүп жактырып колдоп мага бекер клип тарттырып берген. Бул үчүн да Айя эжеме ыраазычылыгымды билдиргим келет. Мен дагы учурда жаш таланттарды колдоо максатында студия ачып аракетимди жумшап жатам”- дейт ырчы айым Минюра Рахимжанова.

Copyright © 2017 Maral FM