Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Буту баспаган балдар курортту көксөшөт

Ден соолук | 3 Дек 2018 | 975 | 0

Кыргызстанда баспаган балдарды бутуна тургузуп, коомчулукка аралаштырууга Ак-Суу курорттук суусунун жардамы тийип жатат. Учурда нерв жана шал оорусунан жабыркаган 6 миӊ баланын 3 миӊге жакыны Ысык-Көлдөн дарыланат.

-Менин атым Айдана 5 жаштамын. Келечекте дүкөн ачам. Анан да машине айдап дарыгер болуп, көп адамга жардам бергим келет.

Шал оорусунан жабыркаган жеткинчектердин өз алдынча басып, коомчулукка аралашуусуна Ак-Суу курорттук суусу келечекке үмүт берет. Анткени облустук бириккен оорукананын балдар реабилитациялык бөлүмү 30 пайыз жергиликтүү балдарды дарыласа, 60 % ашыгы өлкөнүн булуӊ бурчундагы кичинекей жарандарды кабыл алат. Бүгүнкү күндө жатакана, дарылоо процесси бекер болгон соӊ, кандай шарт болбосо да, ата-энелерди нааразы кылбайт.

Мен Токмок шаарынын 7 жашар баламды 6 ай сайын ушул жакка алып келем. Уулум шал оорусунун оор түрү менен жабыркагандыктан 8 айынан бери бул жактан жардам алабыз. Азыркы тапта акырындык менен жылыш бар. акыл-эси толук, колу буттары кичинеден түзөлүп барат.

-Менин кызыма төрөлгөндө эле тубаса шал оорусу деген диагноз коюлган. Кудайга шүгүр, 4 жаш 8 ай дегенде басып кетти. Айтайын дегеним, ушул жакка 10 жолу келип, суунун жардамын алдык. Азыр сүйлөп, тамак –аш жеп, сүйлөгөнгө жарап калды. Ата-энелерге да балдарга да түзүлгөн бардык шартка ыразычылык билдирем.

-Менин алам башында колу буту кайрылган абалда болчу. көпкө чейин айлабызды таппай барбаган жерибиз калган жок. Акыры 3,5 жаш дегенде ушул жакка келе баштадык. Азыр оор күндөрдүн бары артта калып, таяктын жардамы менен басып калдык.

Бул сыяктуу бир нече ата-эне балдары жабыркаган нерв оорулары менен тубаса шал оорусунан кийин үмүтүн үзүп салса, эми кайрадан алдыга койгон максаты жандана баштады. Анткени курорт 8 жыл мурда жөн гана санаторий катары иштеп келсе, эми толугу менен облустук оорукананын карамагына өтүп, балдарды кезек менен кабыл алууда. Андан соӊ имаратка капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, болушунча шарт түзүлүп жаткандарын реабилитация бөлүм башчысы Байышбек Бейшембеков билдирди.

 -Ѳкмөт союз учурунда курулган имаратты толугу менен капиталдык оӊдоп түзөөдөн өткөрүп берди. 2015-жылга чейин 50 койкага иштеп келсе, суроо талап көп болгондуктан аны 100 орунга жеткиздик. Ошентсе да бир айда келгендердин саны 110-130га чамалап жатат. Негизги дарылоо ыкмабыз жерден 60 градус чыккан ысык сууну колдонобуз. Табигый суунун касиети баспаган балдарды бастырат, тырышкан булчуӊдарды бошотот. Андан сырткары дары-дармек, физикалык бөлмөлөр министрлик тарабынан колго алынат.

Демек, республика боюнча балдарды калыбына келтирүүчү борбордун ишин токтотпой керектүү муктаждыктарын чечүү зарыл. Себеби табыйгый суунун жардамы аркылуу 100 баланын 20сы өз алдынча басып, кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан келерки 6 жылды күтүп отурбай, оӊдоп түзөө иштерине каржы булактарын ойлонуштуруу керек,-деди облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев:

Ак-Суу районунда булактан чыккан суу өтүүчү түтүктөрдү Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун жардамы менен 19 миллион сомго оӊдоп берилди. Бирок 5-6 жылдан кийин кайрадан оӊдоп түзөөгө муктаждык жаралышы мүмкүн. Бассейндерде ысык суу болгон соӊ темирлер каррозияга учурап жатыптыр. Бул борбор балдар үчүн чоӊ эффектисин берип жаткандыктан колго алышыбыз керек.

Copyright © 2017 Maral FM