Биз менен байланышыңыз

«Жаштардын саясатты эмес бизнести тандаганы коркунучтуу»

Пикирлер | 3 Дек 2018 | 567 | 0

«Эркин эл» саясий партиясы 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышат. Ал үчүн дарамент да, максат дагы бар. «Эркин эл» өзү чыкпаса да башка саясий партиялар менен биригиши мүмкүн. Бул тууралуу аталган партиянын теңтөрагасы, жарандык активист Айбек Бусурманкулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал «Эркин эл» партиясы ар дайым калыс оюн айтып келерин, партиянын курамындагылар саясий туруктуулугун көрсөтө алганын айтат. Азыркы системада акчасы жок болсо да бийликке келүүгө мүмкүн экенин белгилейт.

«Биз саясий процесс жаратып, жыйынтыгына жеткен партиябыз. Партиянын альтернативалуу программасы бар. Бир топ саясий, экономикалык сунуштарды берип жатабыз. Бирок бийликке келбеген соң аларды ишкер ашыруу күмөн болуп жатат. Биздин партия эркин саясатчылардан куралган. Биз акча жагынан да, моралдык жактан да эч кимге көз каранды эмеспиз. Кеп акчада эмес. Партиянын мүчөлөрүнүн ишеними, духу, саясий процесстерди жарата алуусу маанилүү», — дейт Бусурманкулов.

Ал саясий процессте жаш-кары деген нерсе болбой турганын белгилеп, жаштар жоопкерчиликти алып, эски муундан тажрыйба топтоп саясатка келүүгө убакыт келгенин айтат.

«Жаш муундардын курамын топтоо башталууда. Жаштардын саясатты эмес бизнести тантап кеткени коркунучтуу. Анткени бизнесте жеке кызыкчылык жогору турат. Эгер саясий муун чыкпаса коркунучтуу. Жаштарда мамлекетке кызмат кылам деген умтулуу болушу керек», — дейт активист.

Copyright © 2017 Maral FM