Биз менен байланышыңыз

Борбордогу жаңы жылдык балаты 10-декабрда жандырылат

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2018 | 700 | 0

Борбордогу жаңы жылдык балаты 10-декабрда жандырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Асел Куланбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 31-декабрда калаа тургундары жана келген коноктор үчүн концерттик программа уюштурулат.

«Ушул жуманын аяганда балатыны жасалгалап баштайбыз. Быйыл жаңы жылдык салтанатка 7 млн сомго чейин каражат сарпталат. Ошондой эле айрым маданий мекемелердин жанына балаты орнотулат.  Мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасына ылайык, быйыл жасалгалоо иштерин мэриянын карамагындагы ишканалардын кызматкерлери аткарат» — дейт Куланбаева.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарык мэриясы жаңы жылга карата жасалгаланган эң кооз район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыялады. Бул сынак 1-декабрдан 30-декабрга чейин уланат. Жалпы 7 аталыш боюнча ат салыша турган сынактын жеңүүчүсү 100 миң сом сыйлык алат. Сынактын байге фонду 1 млн сом.

«Быйыл жаңы конуштар арасында да сынак уюштурулду. Мындан сырткары жарандар, мекемелердин эмгек жамааты  шаардыктарды куттуктап видео жиберишсе да болот. Видеонун узунду 2 мүнөттөн ашпоого тийиш. Мыкты куттукутоо жибергендерге белек берилет», — дейт вице-мэр.

Copyright © 2017 Maral FM