Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Айматовдун чыгармалары боюнча республикалык жарыш өтөт

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 900 | 0

1-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Бишкекте китеп окуу боюнча республикалык жарыш өтөт. “Китеп Time” деп аталган сынакка жалпысынан 17 команда катышмакчы. Ар бир облустан бирден тайпа келсе, Бишкектен буга чейинки өткөн турлардын жыйынтыгында алдыңкы орунду ээлеген 10 команда ат салышат.

Жарышта Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” жана “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармаларынын негизинде суроолор берилип, жеңүүчүлөргө баалуу белектер таратылат.

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драм театрында өтүүчү иш-чарага коомдук-саясий ишмерлер, маданият кызматкерлери да чакырылган. Жарыш 9:30да башталмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM