Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынок жөнгө салынат

Саясат | 29 Ноя 2018 | 600 | 0

Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Минскте жолугушту.

Евразия экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Беларустун борбору Минск шаарында өттү. Күн тартибинде  биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу жана алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча маселе каралды.

Жыйынтыгында, алкоголдук продукция жана тамекиге алыган акциз салыгын бир системага түшүрүүнү макулдашышты.

Өкмөттөр аралык кеңешке биримдикке мүчө төрт мамлекеттин премьер-министрлери жана Армениянын биринчи вице-премьер-министринин  милдетин аткаруучу Арарат Мирзоян келди.

Жалпысынан өтүп бараткан жыл биримдик үчүн жагымдуу жылдардан болгонун Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев айтты. Беш мамлекеттен турган ички жана тышкы рынокто көрсөткүчтөр жаман эмес деп баалады. Орусия төрагалык кылган мөөнөттө биримдик ичиндеги бирдиктүү тартипти иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурганын айтып, бир катар долбоорлор ишке ашканына токтолду.

Эң негизгиси, санариптик күн тартибин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулганын айтып, жол картаны иштеп чыгууда пайда болуп жаткан тоскоолдуктарды белгиледи.

Албетте, биримдиктин ички мамилелерин күчөтүшүбүз керек. Бүгүнкү күнү болуп жаткан маселелерди жоюубуз шарт. Ал үчүн жол картасы толук иштелип чыгуусу керек. Бул боюнча Беларустун президенти менен болгон жолугушуубузда дагы сөз болду. Бирок ачык айтсак, жол картаны иштеп чыгууда айрым тоскоолдуктар болбой койгон жок. Ошентсе да Орусия төрагалык кылган мөөнөттө санариптик экономикага өтүүгө басым жасадык. Бул биздин негизги борбордук ишибиз болуп калды. Башка багыттарда жыйынтыктар ар түрдүү ылдамдыкта болушу мүмкүн эле. Мында өсүш бир кырка болду деп айта алам.

ЕАЭБдин алкагында Казакстан инвестициясын 38 пайызга жогорулата алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев айтты.

2018-жылдын I кварталында Казакстанга тартылган инвестициянын көлөмү 38 пайызга өскөн. Ошол эле кезде инфляциянын деңгээли түштү деп белгиледи. Биримдиктин потенциялын мындан ары арттыруу үчүн рынокту кеңейтүүгө чакырды.

Биримдиктин таасирин жогорулатуу үчүн эң биринчи рыноктун аянтын кеңейтүү иши турат. Рыноктун атаандаштыкка болгон туруктуулугун камсыз кылуу. Албетте, инвестиция тартуу. Ал үчүн биринчи кезекте жаңы рынокторду ЕАЭБге тартуу керек. Демек эл аралык уюмдар менен мамилени алдыга жылдыруу керек.

 Ал эми Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев интеграциялык бирликтин алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасын жакындаштырууга жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган реалдуу иш алып баруучу натыйжалуу финансылык колдоо институтун түзүү сунушун берди.

-Тар курамда биз өлкөлөрдүн экономикасын мындан ары карай өнүктүрүү үчүн принципалдуу мааниге ээ болгон, ошондой эле интеграциялык биримдиктин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багыталган бир катар маселелерди карап чыктык. Биз ЕАЭБ алкагындагы алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө келишимдин каралып жаткан долбоору аталган облусту жөнгө салуунун бирдиктүү кадамдарын түзүү жана «камсыздоо төлөмүн» сунуштоо сыяктуу талаптарды жоюу ыкмасы аркылуу бардык тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз. Бул маселенин чечилиши бизнес үчүн зор мааниге ээ. Ошондой эле биз Биримдиктин жаңы органдарын түзүүгө байланыштуу маселелерди талкууладык жана мындай органдар кызматташтык тармагынын кеңейүү чеги боюнча жана Биримдикке мүчөмамлекеттер ортосундагы функцияларды тең калыпта бөлүштүрүүнү эске алуу менен түзүлүшү керек деген жалпы пикирге келдик,-деди премьер-министр.

Эми бул аянтчада жетишилген иштер өлкө башчыларга маалымдалат. Президенттердин жолугушуусу 6-декабрда Санкт-Петербургда өтөт. Ал эми өкмөт башчылардын келээрки жыйыны 2019- жылдын башында  Алматы шаарында  өтмөкчү.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM