Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Аба ырайы тууралуу маалыматтар жашырылбайт

Пикирлер | 29 Ноя 2018 | 690 | 0

Кыргыз гидрометеорология агенттигини аба ырайы тууралуу маалыматтарды жашырбайт. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Зарылбек Итибаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мкемеге мамлекет тарабынан эч кандай тапшырма берилбейт.

«Термобутканын ичиндеги жылуулук менен сырттагы абанын табы эки башка болот. Мындан улам аба ырайында биз берген маалыматка салыштырмалуу 3, 5 градустун тегерегинде айырма болушу мүмкүн. Биздегы 15 станция абанын температурасы, нымдуулук тууралуу такай маалымат берип турат. Борборлор кескин өзгөрүлүүчү метеорологиялык кубулуштарды чагылдырып турушат. Шашылыш билдирүүлөрдү 3 күндөн эрте эч бир мамлекет айта албайт. Азыркы абалыбыз да биз үчүн чоң жетишкендик. 6 жыл мурда шашылыш билдирүү жибере алчу эмеспиз. Окуя катталган соң гана маалымат берчүбүз. Азыр кызматкерлерибиз окутуулардан өтүп, жаны технологиялар бар«,-дейт Итибаев.

Ал буга кошумча аймактардагы кардын калыңдыгы тууралуу дагы маалымат берди.

Ага ылайык, ашууларда 65-105-см аралыгында кар бар. Нарын-Казарман унаа жолунда кардын калыңдыгы 2-20 сантиметрди түзөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда Кумтөрдө 30 см, Барскоондо да 10 см кар бар. Долон ашуусунда кардын калындыгы 20 см.

Аймак сыймыктары

Copyright © 2017 Maral FM