Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: туристтерди англисче билген, сылык сүйлөгөн кызматкерлер текшерсе

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 495 | 0

Кыргызстан Грузия сыяктуу туризмге ачык өлкө болушу керек. Мындай сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жалпы жыйынында билдирди. 2012-жылы Өмүрбек Бабанов жетектеген өкмөт 44 өлкөгө визасыз режимди киргизгенин, мындай чечим пайда бергенин эске салды.

-Германиядан 2012-жылы 6874 турист келген болсо, быйылкы жылдын 9 айында 19 190го жетиптир. Келген туристтердин саны ошол кезден бери 3-4 эсе өскөн. Ар бир келген турист жок дегенде, 500 доллардан калтырып кеткенде да биздин жарандарга жардам болот,-деди эл өкүлү.

Ал жыйында чек ара жана башы кызматынын жетекчилерине кайрылып, аба майданга англисче билген жана сылык кайрылган кызматкерлерди коюуну сунуштады.

-Туристти көргөн кызматкер 5-10 долларды көргөндөй болбошу керек. Алардын курсагы да ток болушу керек. Айлыктарын да эселеп көтөрүп берсеңиздер.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеште айрым өлкөлөр үчүн 60 күндүк визасыз режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып, 1-окуудан өттү.

Copyright © 2017 Maral FM