Биз менен байланышыңыз

Түлеев: Путин аралашпаса эле Жээнбеков менен Атамбаевдин элдешүүсү татаал

Пикирлер | 28 Ноя 2018 | 530 | 0

Бүгүнкү бийлик экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анан кадрлары менен күрөшүп отурат. Мындай пикрин Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Түлеев өкмөттө да, соттордо да мурдагы кишилер иштеп жатканын айтып, сынга алды.

«Укук коргоо органдарында кимдер алмашты? Экинчиден, азыр кырдаал кыйын. Атамбаев улам бир кагазды ыргытып коюп отурат. Бул маселелер чечилбесе, иш алдыга жүрбөйт, казан кайнай берет. Учакта бирге бара жатканда Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен элдешүүгө даяр экенин айткан. Бирок Атамбаевдин акыркы интервьюсунан кийин Путин элдештирбесе эле экөөнүн элдешүүсү татаал», — дейт Түлеев.

Экс-мэрдин баамында Атамбаев чоң ката кетирген жана азыр анын жанында бир гана Фарид Ниязов калган.

«Атамбаевди же камаш керек, же Жээнбеков экөөсү элдешиши керек. Болбосо экс-президент «отко май чача берет.» Азыр анын ичи күйүп, кыйналып турат. Андыктан жума сайын бир маалыматты ортого ыргытып коёт. Ал кезегинде бардык саясатчылар тууралуу компроматтарды чогултуп алган. Фарид (ред: Фарид Ниязов) экөөсүн бөлмөйүн, азыркыдай көрүнүштөр боло берет», — дейт Түлеев.

Copyright © 2017 Maral FM