Биз менен байланышыңыз

Керч кысыгында кармалган украиналык аскерлер эки айга камалышты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 615 | 0

25-ноябрь кунү Кара деңиз менен Азов деңизин бириктирип турган Керч кысыгында кармалган украиналык деңиз күчтөрүнүн 12 кызматкери 2 айга убактылуу жайга камалды. Бул тууралуу Крымдагы укук коргоо аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кармалгандарга «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп кирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Симферополдогу Киев райондук сотунда тергөө иштери башталды.

Эске салсак, үч украиналык аскер кемеси 25-ноябрь күнү Керч кысыгында орус жээгинен 20 км, ал эми уруксат берилген кеме жолунан 50 км алыстыкта орус атайын кызматынын деңиз кучтөрү тарабынан курал колдонуп токтотулуп, кармалган. Кемедеги 24 кишинин 15ине кылмыш иши козголуп, 12 си убактылуу камакка алынды.

Москва аларды атайын чагым уюштуруу үчүн Орусиянын акваторийине кирген деп айыптаса, Киев орус тараптын кадамын согуштук агрессия катары баалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM